p

16-август, 1934-жылы Француз актёру Пьер Ришар төрөлгөн

Дүйнө
Комедиялык тасмалардын чебери, француз актёру Пьер Ришар Валансьенде төрөлгөн. Бойго жеткен маалында Парижге Шарль Дюллендин драматикалык курсуна тапшырган, андан соң Жан Виларда стаж өткөн. Бирок анын театрда жолу болгон эмес: ага ар дайым экинчи иреттеги ролдор берилчү. 
Ал кафе-театрлардын, кабарелердин жана престиждүү мюзик-холлдордун сахналарына чыгууга мажбур болгон. 
1967-жылы Ив Робер аны "Жадыраган Александр" тасмасына тартылууга чакырган. 1976-жылы Франсис Вебердин "Оюнчук" тасмасына тартылган. 1981-жылы ошол эле Вебердин "Жолу болбостор" (Невезучие) тасмасына Жерар Депардье менен биргеликте тартылган соң белгилүү дуэт пайда болгон. Бул тасма рекорддук пайда алып келгенден кийин, режиссер аларды кайрадан "Папаши", "Качкындар" тасмаларына тарткан. 
2015-жылы Францияда А.П. Чеховдун чыгармасынын негизинде "Агафья" тасмасынын премьерасында Пьер Ришар менен Жерар Депардьенин дуэти кайрадан бириккен. 
  (92 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: