p

16-август, 1977-жылы Америкалык ырчы Элвис Пресли каза болгон

Дүйнө
Рок-н-роллдун падышасы, америкалык ырчы жана актёр Элвис Пресли Американын түштүгүндө, Миссисипи штатында 1935-жылы 8-январда туулган. Ырчылык таланты бала кезинен эле билинип, бирок ырдоо манерасы башкача болгон. Кийин Элвистин дал ошол ырдоо манерасын, ошол үнүн элдин баары жактырып, өсүп-чоңойгон Мэмфис шаары эле эмес, бүткүл Американын жаштары Элвисти туурап ырдай баштаган. Кийин Голливудга келип, катардагы ырчыдан Америка менен Европа сыйынган эстрада кумирине чейин жеткен. Элвистин атак-даңкы, дүйнөлүк аброю зор болгондуктан, АКШнын президенти Ричард Никсон аны менен атайын жолугуп, "жаңы муундун жаштарын жакшы жакка тарбиялоого жардам бериңиз" деп суранган.
Ошентип, Американын маданий кумирине айланган, дүйнөдөгү эң эле атактуу музыка чеберлеринин бири катары таанылган улуу ырчы Элвис Пресли 1977-жылы 16-августта 42 жашында туулуп-өскөн шаары Мэмфисте каза болгон. Преслини акыркы сапарга узатууга 80 миң киши катышып, бүткүл Америка аза күткөн.
  (49 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: