p

21-август, 1997-жылы Орусиялык актёр жана маскарапоз Юрий Никулин каза болгон

Дүйнө
Орустун улуу артисти Юрий Никулин 76 жаш курагында жүрөк оорусунан улам дүйнө салган. Доктурлар Никулиндин өмүрү үчүн 16 күн тынбай күрөшүшкөн. 16 күн бою Орусия басылмалары анын ар бир күнүн жазып турушкан. Бирок доктурлар айла таба алышкан эмес. 
Цирктин имаратындагы Никулин менен коштошууга Б.Ельцин да катышкан. Ю.В.Никулиндин сөөгү Новодевичье көрүстөнүндө коюлган. 
СССРдин Эл артисти, Москвадагы Түстүү сейил багындагы цирктин жетекчиси, актёр жана маскарапоз Юрий Никулин 1921-жылы 18-декабрда Смоленск губерниясындагы Демидово шаарчасында төрөлгөн. Атасы цирк үчүн эстрада скечтерин, клоунада, реприздерди жазган. Ал эми апасы Юлия ошол циркте ырларды окучу. Никулиндер 1925-жылы Москвага көчүп келишкен. Юра 1929-жылы 1-класска кирет. Өмүрүндөгү эң биринчи ролду ошондо "Огород" деген оюндагы Горошканын кейипкери болуп аткарат. 15 жашынан баштап жалаң анекдотторду чогултуп, калың дептерине жаза берет. Юрий Никулин 1939-жылдан 1946-жылга чейин аскерде, согушта болгон. Ал жактан да анекдот айтуу боюнча алдына киши салган эмес. Аскерден келип, ВГИКке тапшырса, ал жердегилер "сенде анча-мынча чымын бар экен, бирок киного жарабайсың" деп коюшат. Анан ГИТИС менен Щепкин атындагы театралдык окуу жайга кирет. Бирок ал жакты да аяктабай туруп, Ленин ордендүү Москва циркинин клоунада студиясына тапшырган.
  (29 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: