p

23-сентябрь, 2004-жылы Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмунун кезектеги жыйыны өткөрүлгөн

 
Кыргызстан
Шанхай Кызматташтык Уюмуна кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын кезектеги жыйыны Бишкек шаарында өткөн. Өкмөт башчылары тогуз пункттук маселенин тегерегинде пикир алмашып, көп тармактуу соода-экономикалык кызматташтык программасын аткаруу планын талкуулашкан.
Бишкекте өткөн жыйында ШКУнун бюджетин классификациялоонун жобосу, уюмдун 2005-жыл үчүн каралган бюджети, уюмду каржылоонун абалы, фонду, ишкердик кеңеш, катчылыктын жана антитеррордук борбордун 2004-жылдагы чыгымдарын кайра бөлүштүрүү өңдүү орчундуу маселелердин тегерегинде пикир алмашуулар жүргөн. 
Өкмөт башчыларынын Биргелешкен коммюникесинде ШКУнун алкагында алаканы тереңдетүү жана өнүктүрүү, терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге каршы күрөштү күчөтүү маселелерине басым жасалган. Шанхай Кызматташтык Уюмунун Бишкектеги жыйынына Кыргыз өлкөсү, Орусия, Казакстан, Кытайдын өкмөт башчылары, Өзбекстан менен Тажикстандын вице-премьер-министрлери катышкан.
  (22 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: