p

23-сентябрь -  Кыргыз өлкөсүндө Мамлекеттик тил күнү

 
Кыргызстан
Совет мамлекети ураардын акыркы жылдары союздук республикаларда улуттук сезим күч алып, тарых, маданият жана тил маселесине айрыкча көңүл бурула баштаган. Кыргыз өлкөсү да бул ургаалдан сыртта калбай, өлкөдө демократиялык көз караш кеңири тараган.
Улуттук интеллигенция тил маселесин көтөрүп, борбор шаардагы мектептерде, мамлекеттик мекемелерде кыргыз тили таптакыр колдонуудан калгандыгын жар салышкан. 
Улуттук интеллигенциянын сүрөөнү менен көтөрүлгөн маселе коомчулуктун көйгөйүнө айланып, акыры Кыргыз ССР Жогорку Кеңеши 1989-жылдын 23-сентябрында "Мамлекеттик тил тууралуу" мыйзам кабыл алган. Мыйзамга ылайык, кыргыз тили мамлекеттик макам алып, анын өнүгүш жагдайы аныкталып, мамлекеттик мекемелерде колдонуу тартиби такталган.
 
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: