|
|
p
12-октябрь, 1974-жылы ырчы Кенже Дүйшеева төрөлгөн
Ырчы Кенже Дүйшеева Ош областындагы Өзгөн районуна караштуу Мырзаке айылында туулган. 1992-жылы мектепти аяктап, 1994-жылы Оштогу педагогикалык окуу жайдын мектепке чейинки балдарга тарбия берүү бөлүмүн жана ОшМУнун журналистика факультетин аяктаган. 3 жашынан баштап райондук, областтык сынактарга катышып, чоң сахнага чыга баштаган. Ал эми 1994-2010-жылдары "Кыз-Бурак" тобунда ырдаган. 2010-жылдан баштап жеке ырчы жана "Жебе" тобунун жетекчиси катары белгилүү болгон. Репертуарында: "Аялзат", "Жалгызым", "Балалык" ж.б. ырлары бар.Кенже Дүйшеева 2009-жылы "Маданияттын мыкты кызматкери" наамын, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан Ардак грамота менен сыйланган. Кенже Дүйшеева "Супер-Инфонун" тандоосу боюнча 2009-жылы "Супер ырчы айым" деп табылган.
(52 жыл мурун)
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
| |