p

6-сентябрь, 1998-жылы Япон режиссёру Акира Куросава каза болгон

Дүйнө
Атактуу япон режиссёру Акира Куросава Токиодо инсульт дартынан улам 88 жаш курагында көз жумган.
Акира Куросава 1910-жылы 23-мартта Токиодо туулган. Сүрөтчүлүк кесип боюнча билим алган Акира 1936-жылы "PCL" кинокомпаниясына сынактан өтүп, киного толук аралаша баштайт. Акирага кинонун сырын өздөштүрүшүнө кинорежиссёр Кадзиро Ямамото зор таасирин тийгизген.
Режиссёр “Мас периште”, “Расемон”, “Жети самурай” фильмдери менен мекенинде белгилүү болсо, дүйнө жүзү аны Достоевскийдин чыгармасынын негизинде тартылган “Акмак”, Шекспирдин чыгармасы боюнча тартылган “Макбет”, Горький боюнча экрандаштырылган “Эң түптө”, Владимир Арсеньевдин “Дерсу Узала” чыгармасы боюнча тартылган тасмалары аркылуу билет. Акира Куросава “Оскардан” тартып Италия, Испания, Бразилия, Түркия, Орусия, Англия, Япония, Кытайдагы ири кинофестивалдардын сыйлыктарына ээ болгон.
  (28 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: