|
|
p
14-октябрь, 1926-жылы Кыргыз Алиппе комитети уюшулган
Кыргыз калкынын сабатын ачууда 1926-жылы өткөн I Түркологиялык съезд маанилүү роль ойногон. Түркологдордун съезддинде “Жаңы Алиппе” комитетин уюштуруу чечими кабыл алынган. Касым Тыныстанов, Ишеналы Арабаев сыяктуу кыргыз интеллигенттеринин аракети менен “Кыргыз Алиппе” комитети уюшулган. “Кыргыз Алиппе” комитетинин башчылыгына Абдыкадыр Орозбеков дайындалып, жер-жерлерде райондук комитеттери курулуп, билим тармагын латын тамгасына өткөрүү үчүн камылга көрүлө баштаган. Ал үчүн башында "Эркин Тоо" гезитинин соңку барагына латын тамгасында чакан кабарлар басылган. “Алиппе комитети” борбордук бюджеттен каржыланып, анын натыйжалуу иштешине ар тараптуу жардам көрсөтүлгөн.
(100 жыл мурун)
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
| |