|
|
p
25-апрель, 1978-жылы Советтик актриса Варвара Мясникова каза болгон
“Чапаев” тасмасында пулемётчу Анканын ролун аткарган советтик актриса Варвара Мясникова 77 жаш курагында Москвада каза болгон.
РСФСРдин Эл артисти Варвара Мясникова 1900-жылы 22-сентябрда Санкт-Петербургда туулган. 1922-жылы жогорку окуу жайды аяктап, ошол жылдан тартып театрда актриса болуп иштей баштаган. Андан соң Ленинграддагы Чоң драма театрына кирип, 1928-жылдан тартып "Ленфильм" киностудиясында тартыла баштаган. Варвара Мясникова убагында бүткүл Совет эли жакшы көргөн "Уйкудагы сулуу" ("Спящая красавица"), "Үч аскер" ("Три солдата"), "Чапаев", "Күлчү кыз" ("Золушка"), "Му-му" ж.б. тасмаларында роль жараткан.
(48 жыл мурун)
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:
| |