p

12-декабрь, 1950-жылы Акын, драматург жана котормочу Алыкул Осмонов каза болгон

Кыргызстан
Алыкул Осмонов - Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында 1915-жылы кедейдин үй-бүлөсүндө туулган. Ал жаш кезинен эле ата-энесинен ажырап, жетимдиктин азабын да, турмуштун кыйынчылыктарын да башынан өткөрөт. 1925-жылы Фрунзе шаарындагы балдар үйүнө кабыл алынат. Бир аз убакыттан кийин эле ал балдар үйү Токмок шаарына көчүрүлөт. 1925-1928-жылдары ошол балдар үйүндө тарбияланат. Мына ушул жерде адабий китептерге өтө кызыгып, өз алдынча ыр да жазып көрөт. Он төрт жашында Фрунзедеги педагогикалык техникумга кирип, анын алдындагы адабий ийримге катышып, орустун белгилүү жазуучуларынын чыгармалары менен таанышат. 1930-жылы "Сабаттуу бол" газетасынын сентябрь айындагы санында биринчи жолу анын "Кызыл жүк" деген ыры басылып, адабий тушоосу кесилет. Ушундан баштап анын ырлары газета, журналдарга үзбөй жарыяланат. 1933-жылы техникумду бүткөндөн тартып, ал биротоло чыгармачылык иштин артынан түшөт. Дүйнөлүк адабияттын мыкты үлгүлөрүн үзбөй окуп, билимин, тажрыйбасын тереңдетет.
1935 - 1950-жылдардын аралыгында ал ондон ашуун ыр китептин ээси болгон. "Таңдагы ырлар", "Жылдыздуу жаштык", "Чолпонстан", "Махабат", "Жаңы ырлар", "Менин жерим - ырдын жери" деген жыйнактары жарык көргөн. "Мой дом" аттуу ырлар жыйнагы 1950-жылы Москвадан орус тилинде басылып чыккан. Бул китеп жалпы союздук окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынып, акындын атагын алыска тараткан. Алыкул Осмонов эң мыкты котормочу да болгон. Ал Пушкиндин, Шекспир, Низами, Шота Руставели сыяктуу дүйнөлүк адабияттын алптарынын көркөм дүйнөсү менен кыргыз окурмандарын биринчилерден болуп тааныштырат. Айрыкча улуу акын Шота Руставелинин "Жолборс терисин жамынган баатыр" поэмасынын Алыкул таржымалдаган котормосу аңызга айланып, атпай Ата Журтубуздун бүт булуң-бурчуна жеткен. Шекспирдин "Отелло", "Он экинчи түн" сыяктуу драмаларын да кыргыз көрүүчүлөрү анын котормосу боюнча сахнадан көрүүгө мүмкүнчүлүк алышкан.
Улуттук сөз өнөрүнүн бүгүнкүсү менен эртеңкиси туурасында ойлонуу, өзүнө талап коюу А.Осмоновду көп нерсеге милдеттендирген. Ошондуктан мурдагы жазгандары такыр жакпай, өз жараткандарын өзү жериген. Нечен толгонуудан кийин басмага даярдаган ырларынын жаңы жыйнагын өрттөп да жиберген. Бул үчүн чоң жүрөк, ашкере баатырдык керек эле. Алыкулда андай касиет, сапаттардын баары бар болгон. Анын чыгармачылыгынын бурулуш учуру да дал ушул жылдарга туура келген. Бирок ажал арбайган ач колун ага сунуп, өлүм жакындап, суусу түгөнө берген. Ашкере айкөл, ташкындаган таланттын туз-насиби 35 жылга гана өлчөнгөн экен, залкар акын 1950-жылы 12-декабрда дүйнөдөн кайткан.
  (74 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2024 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: