p

6-ноябрь, 1964-жылы Ырчы Алина Жетигенова төрөлгөн

Кыргызстан
Ырчы, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алина Жетигенова Таластын Арал аттуу айылында төрөлгөн. Мектепти аяктаган соң Филармониянын алдындагы эстрадалык студияга кирген. Окуп жүргөндө Асылбек Рысалиевдин "Жетиген" тобунда ырчы болуп, "Бозойго" аттуу ыры менен Алина деген аты эл оозуна алынган. Окууну аяктагандан кийин филармониядагы "Ариет" деген топто иштеп, кийин ал топ чачырап кеткенде "Таазим" тобуна кирген. Ал убакта ырчынын "Дасторкон", "Апама кат" деген ырлары хит болгон.
1991-жылы Тарас Асанакуновдун уюштуруусу менен "Роза гүлү" аттуу эстрадалык топ ачылып, Алина Жетигенова Расул Маматкулов, Айчүрөк Иманалиева, Динара Акуловалар менен биргеликте иштеп калган. Ырчынын аткаруусундагы сөзү Асан Жакшылыковго, обону Тарас Асанакуновго таандык "Кыздын сыры" деген ыры ошол убакта чыккан. Бир аз убакыттан кийин топ жабылып, ырчылар өз өзүнчө "Айчүрөк", "Динара", "Алина" деген топторду ачышкан.
  (62 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: