p

6-ноябрь, 1938-жылы Акын, драматург, агартуучу, коомдук ишмер, журналист Касым Тыныстановго чыгарылган өлүм жазасы ишке ашырылган

Кыргызстан
Акын, драматург, агартуучу, коомдук ишмер, журналист, кыргыз грамматикасын түзүүчүлөрдүн бири Касым Тыныстановго чыгарылган өлүм жазасы ишке ашырылган. 
Касым Тыныстанов 1901-жылдын 10-сентябрында Ысык-Көл районундагы Чырпыкты айылында туулган. Өмүрүнүн акырына чейин ал маалымдоо каражаттары, илим изилдөө жана билим берүү тармагында иштөөгө үлгүргөн. К.Тыныстановдун окумуштуулук дарамети туура бааланып, ага Кыргыз өлкөсүндө биринчи болуп 1932-жылы доценттик, 1936-жылы профессордук илимий наам ыйгарылган. 1938-жылдын 5-ноябрында өткөн СССР Жогорку Аскердик сотунун жабык көчмө сессиясында Касым Тыныстановго 1921-жылдан баштап улутчул "Алаш-Ордо" уюму, андан кийин буржуазиячыл-улутчул, диверсиячыл зыянкеч, чыккынчы террордук "Социал-Туран" партиясынын ана башчыларынын бири деген айып коюлуп, атууга өкүм чыгарылган.
  (88 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: