|
|
p
13-ноябрь, 1873-жылы Түркстан генерал-губернаторунун милдетин аткаруучу генерал-лейтенант Г.А.Колпаковский Кокон хандыгына каршы көтөрүлгөн кыргыздардын келгендигин кабарлаган
Түркстан генерал-губернаторунун милдетин аткаруучу генерал-лейтенант Г.А.Колпаковский Кокон хандыгына каршы көтөрүлгөн кыргыздардын келгендигин кабарлаган. Кокон ханы Кудаяр көрсөткөн кордукка нааразы болгон кыргыздар Хожент уезддик башчы, генерал-майор Эйлерге көтөрүлүштүн чыгыш себебин түшүндүрүшкөн. Кыргыз урууларынын кайрылуусунда алардын көтөрүлүш чыгарышынын себеби жана козголоң чыгаргандардын саны маалымдалып, мындан тышкары, Сырдарыя жана Жети-Суу областтык бийликтерине тышка жер которгон кокондук кыргыздарды кайра көчүрүү талабы коюлган.
(153 жыл мурун)
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
| |