p

29-апрель, 1970-жылы Америкалык актриса Ума Турман төрөлгөн

Дүйнө
Атактуу америкалык актриса Ума Турман Бостондо төрөлгөн. Ал атактуулукка Квентин Тарантинонун "Криминальное чтиво", "Убить Билла" тасмаларындагы ролдору аркылуу жеткен. Кийин "Нимфоманка", "Жизнь как шоу", "Мужчина нарасхват", "Милый друг", "Случайный муж" ж.б. фильмдеринде мыкты ролдорду жараткан. Ума Турман 1990-жылы актёр Гэри Олдменге турмушка чыгып, эки жылдан кийин жубайлар ажырашып кетишкен. 1998-жылы актёр Итан Хоукко турмушка чыгат. Бир уул, бир кыздуу болгондон кийин түгөйлөр 2005-жылы ажырашып кетишет. 2007-2014-жылдары финансист Арпад Бюссон менен жарандык никеде жашап, бир кыздуу болгон. Бюссон Лондон шаарында, Ума Турман Нью-Йорк шаарында жашагандыктан экөө ажырашат.

http://www.super.kg/kabar/news/185743/

  (56 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: