p

29-апрель, 1980-жылы Америкалык режиссёр Альфред Хичкок каза болгон

Дүйнө
Легендарлуу америкалык режиссёр Альфред Хичкок АКШнын Лос-Анжелес шаарында 80 жашында каза болгон.
Альфред Хичкок 1899-жылы 13-августта Лондондо туулган. 11 жашына чейин Альфред мектепке барган эмес. 15 жашында шаарга барып инженердин окуусуна тапшырганда анын өз алдынча жашоосу башталган.
ХХ кылымдын башында Англия­да кино тартылбагандыктан, бул тармакты америкалыктар башташкан. Америкалыктар кино тартарын уккан Хичкок бир нече эскиз, титр­дин түрлөрүн тартып даярдайт. Альфреддин оюнда аны дизайнер катары студияга алышмак. Ошентип, 1920-жылы Хичкоктун колу тийген алгачкы тасма жарык көрөт. 1922-жылы “Аялыңа калп айтпа” тасмасы тартылып жатканда режиссёр Ж.Куттс ооруп калат да, продюсер айла таппастан режиссёрлукту Хичкокко берет. Бул Альфреддин алгачкы тасмасы болгон.
Режиссёр Альфред Хичкоктун эң негизги тасмалары “Канаттуулар”, “Башка адам”, “Күмөн”.
  (46 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: