|
|
p
1-май, 1959-жылы V чакырылыштагы “Ата Мекен” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Болот Шер туулган
V чакырылыштагы “Ата Мекен” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Болот Шер Талас облусунун Манас районундагы Пушкино кыштагында туулган. Жогорку билимдүү. 1988-жылы СССР ИИМинин Фрунзедеги атайын милиция мектебин бүтүргөн. 1977-1979-жылдары СССР Куралдуу Күчтөрүнүн катарында кызмат өтөгөн. 1982-1991-жылдары Кыргыз ССР ИИМинин милиция органдарында кызмат кылган. 1994-жылы Талас облусунун Манас райондук эл депутаттарынын Үч-Коргон айылдык кеңешине депутат болгон. 2000-жылдын февралында II чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты болуп шайланган. 2000-2004-жылдары Жогорку Кеңештин Жаштар иши, спорт, туризм, коомдук бирикмелер жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен байланыш боюнча комитетин жетектеген. 2005-жылы Талас шайлоо округу боюнча III чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. 2006-2007-жылдары Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары болгон. 2010-жылы - Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүндө ички иштер министри. 2010-жылдын октябрында “Ата-Мекен” социалисттик партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин мүчөсү. 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен кайра аттестациялоо тартибинде “генерал-лейтенант” атайын наамы ыйгарылган. 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен III даражадагы мамлекеттик жогорку "Манас" ордени менен сыйланган. Мамлекеттик кызматтын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси. Болот Шер Эл аралык “Көк-Бөрү” федерациясынын негиздөөчүсү. Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:
| |