p

23-сентябрь, 1846-жылы Нептун планетасы табылган

Дүйнө
Немис астроному Иоганн Готтфрид Галле жана Генрих д’Аррелер тарабынан Нептун планетасы ачылган.
Нептун — Күн системинин сегизинчи планетасы жана бул Күндөн эң алыс жайгашкан планета. Күнгө чейин орточо аралыгы 30,06 а.б. же 4500 млн. км. Нептун орбита бонча 5,4 км/сек орточо ылдамдык менен Күндү 164,79 жылда толук 1 айланып чыгат. Анын диаметри Жердин экватордук диаметринен 3,88 эсе (49500 км), көлөмү Жердин көлөмүнөн 57 эсе, массасы 17,28 эсе чоң. Орточо тыгыздыгы 1,84 г/см3га барабар, бетиндеги оордук күчүнүн ылдамдануусу 11 м/сек жакын. Жылдыз чоңдугу+7m,6га барабар. Нептундун атмосферасынын курамында метан, суутек, гелий бар. 
Жандоочулары Тритон жана Нереида. Нептун Жерден өтө алыс болгондуктан, аны изилдөө кыйын. 
  (180 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: