p

24-сентябрь, 1946-жылы советтик жана орусиялык актриса Наталья Аринбасарова туулган

Дүйнө
Советтик жана орусиялык актриса Наталья Аринбасарова Москва шаарында аскер кызматкеринин үй-бүлөсүндө туулган. 1964-жылы Академиялык хореографиялык училищени аяктаган. Наталья бул окуу жайды бүтөр жылы аны орусиялык режиссёр Андрей Кончаловский Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде тартыла турган "Биринчи мугалим" тасмасындагы Алтынайдын ролуна тандаган. Кино тартуу убагында режиссёр экөөнүн ортосунда сүйүү тутанган. Ал сүйүүнүн аягы Егор аттуу балалуу болгондон кийин, ажырашуу менен аяктаган. Актриса экинчи ирет биринчи жолдошу Андрейдин досу, сүрөтчү Николай Двигубскийге турмушка чыккан, бирок аны менен да түбөлүктүү боло алган эмес.
“Биринчи мугалимден” кийин атактууга айланган актриса кайра эле Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде тартылган “Жамийла” тасмасында Жамийланын ролун аткарган.
  (80 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: