|
|
p
26-сентябрь, 1849-жылы Орусиялык окумуштуу, физиолог Иван Павлов туулган
Орусиялык окумуштуу, физиолог Иван Павлов Орусиянын Рязань шаарында туулуп, 1936-жылы 27-февралда 86 жашында Ленинградда каза болгон.
Ал адамдын жана жаныбарлардын организминин кандайча иштей тургандыгы жөнүндөгү илимге - физиологияга зор салым кошкон жана нервдин иш-аракети жөнүндөгү окууну түзгөн. 1935-жылы СССРде болуп өткөн физиологдордун эл аралык конгрессинде Павловду дүйнөдөгү физиологдордун башчысы деп жарыялашкан. Ал өз өмүрүн бүтүндөй илимге жумшаган. Анын окуусу физиология, психология жана педагогиканын өнүгүшүндө чоң роль ойногон. Ал 1904-жылы медицина жана физиология жаатында "Нобель" сыйлыгына татыган.
(177 жыл мурун)
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
| |