p

18-ноябрь, 1927-жылы советтик жана орусиялык кинорежиссёр, сценарист, актёр, педагог, жазуучу, акын, драматург, продюсер Эльдар Рязанов туулган

Дүйнө
Советтик жана орусиялык кинорежиссёр, сценарист, актёр, педагог, жазуучу, акын, драматург жана продюсер Эльдар Рязанов 1927-жылы 18-ноябрда Орусиянын Самара шаарында туулган. Ал бала чагынан китеп окуп, саякат жөнүндө кыялданган. Э.Рязанов кокустан Сергей Герасимов атындагы Бүткүл орусиялык кинематография университетине тапшырып калат. 1950-жылы "Алар Москвада окушат" ("Они учатся в Москве") аттуу дипломдук иши менен университетти аяктап, көптөгөн даректүү тасмаларды жараткан.
1955-жылы "Мосфильм" киностудиясынын режиссёру болуп дайындалып, "Жазгы үндөр" ("Весенние голоса") аттуу ревю-тасмасын койгон. Бир жылдан кийин "Карнавал түнү" ("Карнавальная ночь") кинокомедиясын тартып, бул тасма режиссёрго бир топ ийгилик алып келген.
Э.Рязановдун "Италиялыктардын Орусиядагы укмуштуудай окуялары", ("Невероятные приключения итальянцев в России") "Арыз китебин бергиле" ("Дайте жалобную книгу"), "Унаадан сак бол" ("Берегись автомобиля"), "Тагдырдын тамашасы, же жеңил парың менен!" ("Ирония судьбы, или с лёгким паром"), "Кызматтагы роман" ("Служебный роман"), аттуу белгилүү тасмалары көрүүчүлөрдүн сүйүктүү фильмдерине айланган. Людмила Гурченко, Анатолий Папанов, Юрий Яковлев, Юрий Никулин, Андрей Миронов жана Лариса Голубкина аттуу атактуу актёр-актрисалар режиссёрдун тасмалары аркылуу калың элге таанылган. Ошондой эле Э.Рязанов өзү да айрым тасмаларындагы эпизоддорго тартылган.
1979-жылдан тарта "Кинопанорама" деген телекөрсөтүүнү алпарган. Мындан тышкары Э.Рязанов 200дөн ашуун телевизиондук программалардын автору. 2002-жылы режиссёр "НИКА" орусиялык кинематографиялык искусство академиясынын президенти болуп дайындалып, 2005-жылы "Атамекендик комедия борбору" деген киноклуб ачкан. Э.Рязанов жазуучу, драматург катары да таанымал. Ал 2015-жылы 30-ноябрда Орусиянын Москва шаарында жүрөк оорудан улам каза болгон.
  (99 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: