p

20-ноябрь, 1910-жылы Орус жазуучусу Лев Толстой каза болгон

Дүйнө
Лев Николаевич Толстой көптөгөн роман, икаяларды жазган орус калемгери. Толстой, 1828-жылы Тула губерниясындагы Ясная полянада дворияниндин үй-бүлөсүндө туулган. Жазуучунун атасы ири дворянин Николай Ильич Толстой 1812-жылы Улуу Ата-Мекендик согушка катышкан, белгилүү коомдук ишмер болгон, апасы Орусиянын тарыхында калган ири князь Вольконскийдин кызы болгон. Тилекке каршы, Толстой экиге чыкканда энесинен, тогузга чыкканда атасынан айрылат. Жазуучунун атасынын карындашы тарбиялайт. Дворяниндин балдары катары үй-бүлөдөн билим алган. 
1844-жылы Казань университетине тапшырып окуйт. Университетте үч жыл окуп, профессорлордун билимине канааттанбай таштап койгон, өз алдына чоң максат койгон, келечекте дүйнөнү багындырган окумуштуу болсом деп. 1854-жылы аскер кызматындагы агасы менен Кавказга келип согушка катышат. Батальондун командири катары көп эрдик жасайт. Кавказда жүрүп, 1852-жылы "Балачак" повестин жазып “Современник” журналына "Л.Н.Т." деген псевдоним менен жөнөтөт. Некрасов баштаган акын жазуучулар чыгарманы жогору баалаган. 1853-жылы Крым согушу башталып Л.Н.Толстой Севастопольду коргоого эрдик көрсөтүп, командир болгон, согуштагы эрдиги үчүн 1 орден 2 медаль алган. Согуштан келгенден кийин Петербургдагы “Современник” журналында Тургенев, Некрасов, Чернышевский, Островскийлер менен бирге иштейт. 1857-жылы биринчи жолу Европага, Франция, Италия, Германия жана башка өлкөлөргө саякат жасайт. Мекенине кайтып 1860-жылы София Александровага үйлөнүп Ясная Полянада жашап калат. Ал жерде дыйкандардын балдары үчүн мектеп ачып, балдар үчүн азбуканы түзөт.
  (116 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: