p

27-октябрь, 1449-жылы Өзбек астроному жана математиги Улугбек көз жумган

Дүйнө
Астроном жана математик Мухаммед Тарагай Улугбек 1394-жылы 22-мартта Иранда туулуп, 1449-жылы 27-октябрда 55 жашында Самарканда каза тапкан. Анын азан чакырылып коюлган аты Mухаммед Тарагай болгон.
Ал астрономия менен жаратылыш илимдерин билүүгө далалат кылган. Платон, Аристотель, Птоломей, ж.б. чыгыш окумуштууларынын эмгектери менен атасынын бай китепканасында жашынан эле тааныш болгон.
Улугбек 1409-жылдан өмүрүнүн акырына чейин Мавераннахрды башкарган. Бирок Улугбек чоң атасы Амир Темирче кыргын согуш жүргүзүүдөн баш тарткан. Элге бейпил турмуш орнотуп, экономикасын чыңдап, маданиятын көтөрүп, ажайып ак сарайларды салдырып, илимдин өнүгүүсүнө чоң салым кошкон. Ал султан болуп турган мезгилде Сaмарканд, Бухарa, Гиждуан, Мерф калаалары өнүгүп-өскөн. 
Улугбектин эң башкы илимий эмгеги - “Зиджи Гурагани” болгон. Андан сырткары, Улугбектин эң көрүнүктүү эмгеги, анын бир жылда 365 күн 6 саат 9 мүнөт 15 секунд бар деген аныктамасы болгон. Муну 20-кылымдын окумуштуулары иликтеп, Улугбек бир гана мүнөткө жаңылганын айтышкан.
  (577 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: