|
|
p
16-октябрь, 1916-жылы Түркстан аймагынын генерал-губернатору А.Н.Куропаткин жыйын өткөрүп, анда кыргыздарды ээлеген жеринен көчүрүү маселеси талкууланган
Түркстан аймагынын генерал-губернатору А.Н.Куропаткин жыйын өткөрүп, анда кыргыздарды ээлеген жеринен көчүрүү маселеси талкууланган. Жыйындын күн тартибине Ысык-Көл районундагы жана Пржевальск уездинде, Кемин өрөөнүндө, Жаркен уездинде жашаган кыргыздарды Нарынга көчүрүп, ал жакка өзүнчө уезд уюштуруу маселеси коюлган. Генерал-губернатор кыргыздар тарабынан орустардын каны төгүлгөн жерлерди Түркстан крайынын картасына белгилеп, козголоңчулардын жерин алуу керектигин билдирген. Пишпек, Пржевальск жана Жаркен уездинен жалпы жонунан 37 330 кыргыздын 2 520 361 теше жери алынып, ал аймакка орус дыйкандарын жайгаштыруу жагдайы каралган.
(110 жыл мурун)
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
| |