p

19-октябрь, 1978-жылы Өзбекстандык мушкер Руслан Чагаев туулган

Дүйнө
Өзбекстандык мушкер Руслан Чагаев Өзбекстандын күчтүү бокс мектеби бар Андижан шаарында туулуп-өскөн. Улуту – татар. Ал кубалык легендарлуу мушкер, 3 жолку Олимпиада чемпиону Феликс Савонду 2 ирет жеңип алган жалгыз бокс сүйүүчү болуп саналат (алгачкы жолу Савонду Руслан 1997-жылы жеңип, Дүйнө чемпиону аталган). Руслан профессионалдык бокско 1997-жылы аралашкан. Дүйнөлүк атак-даңкты 2007-жылы айтылуу Николай Валуевди жеңип, WBA версиясы боюнча Дүйнө чемпиону аталган беттеши алып берген. Мушташтарынын көбүн нокаут менен аяктап, стили Темир Майкка окшоп кеткендиктен, Ак Тайсон атка конгон.
Бокс сүйүүчүлөр арасында Азия жана Дүйнө чемпиону, профессионалдар арасында супер оор салмакта WBA версиясы боюнча 2007-2009-жылдары Дүйнө чемпиону Руслан Чагаев профессионалдык рингде 36 беттеш өткөрүп, 33ин жеңип алган (20син нокаут менен).
  (48 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: