p

22-октябрь, 2005-жылы Киши колдуу болгон Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаевдин жактоочулары ошол кездеги премьер-министр Феликс Куловдун кызматтан кетишин талап кылып, Бишкектин “Ала-Тоо” аянтына пикетке чыгышкан

 
Кыргызстан
Киши колдуу болгон Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаевдин 300-400дөй  жактоочусу Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" аянтына пикетке чыккан. Алар премьер-министр Феликс Куловдун кызматтан кетишин талап кылышкан. Пикетке чыккандарды маркум депутаттын агасы Рысбек Акматбаев баштап, алардын катарында тууган-уругу жана санаалаштары менен кошо спортчулар турушкан.
Ушул эле күнү түштөн кийин "Ала-Тоо" аянтындагы пикетчилер менен Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Т.Айтбаев, ички иштер министри М.Суталинов, Бишкек ички иштер башкармалыгынын жетекчиси М.Конгантиев аянтка тигилген боз үй ичинен Рысбек Акматбаев менен сүйлөшүү жүргүзгөн. Сүйлөшүү соңунда министр М.Суталинов пикетке чыккандарды түшүнө тургандыгын жана алар конституциялык укуктарына ылайык турганын билдирген.
  (21 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: