p

25-октябрь, 1864-жылы Сарыбагыш менен солто уруусунун кысымына чыдабай Кетмен-Төбөдөгү саяк уруусунун манабы Рыскулбек падышага Орусиянын курамына кошулууга даяр экендигин билдирген кат жолдогон

 
Кыргызстан
Кыргыз урууларынын Орусияга карата мамилеси XIX кылымдын экинчи жарымында өзгөргөн.
Саяк уруусунун манабы Рыскулбек орус бийлигинен букаралык сурап, Чүйгө чейинки отряд башчысы, полковник М.И.Черняевге кат жолдогон. Рыскулбек манаптын катында Анжыяндан Кетмен-Төбөгө чейинки жерди мекендеген он миң түтүн саяк уруусунун башчысы катары ал ак падышага чын ыкластан моюн сунганы билдирилген.
Мындан тышкары, Кетмен-Төбө илгертеден саяктар жердеген аймак экендиги, эки жылдан бери саяктарга сарыбагыш менен солтолор кысым көрсөтө баштагандыгы айтылып, “эгер ак падыша амирине кирсек, анда алардын кодулоосу токтойт эле”, - деп айтылат Рыскулбектин катында.
  (162 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: