|
|
p
25-октябрь, 1999-жылы Баткен районунда исламчыл согушчандардын колуна түшкөн япониялык жарандар бошотулган
1999-жылы 22-августта Тажикстан тараптан 30га жакын куралчан адам кирип, Кожо-Ашкан менен Зардалы айылдарын басып алган. Ал эми 23-августта алар Алтын-Жайлоодо чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан 4 япон геологун, котормочу Өмүрбек Жанакеевди жана генерал Анарбек Шамкеевди барымтага алышкан.
Арадан эки ай өткөндөн кийин 25-октябрда барымтадагы 4 япон геологу, котормочу Ө.Жанакеев жана генерал А.Шамкеев туткундан бошотулган.
(27 жыл мурун)
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
| |