p

23-ноябрь, 1763-жылы француз жазуучусу Антуан Франсуа Прево каза болгон

Дүйнө
Франциядагы XVIII кылымдын залкар жазуучуларынын бири Антуан Франсуа Прево инсультка кабылып каза болгон. Башка булактарда "Ал инсульттан каза болгон эмес, ээси ооп калган. Аны өлдү дешип, өлүгүн союп жатканда ойгонуп, скальпелдин катуу соккусунан көз жумган" деп айтылат.
Антуан Франсуа Прево 1697-жылы 1-апрелде төрөлгөн. Ал көпчүлүккө белгилүү "История кавалера де Грие и Манон Леско" аттуу романын жазган.
Антуан Франсуа Прево 1721-жылы Сен-Жермен-де-Пре монастырына кирип, назыр убадасын берген. Бирок 1728-жылы монастырдын тартибинин катуулугуна чыдабай, Англияга качкан. Англияда "За и против" журналын чыгарып, өзүнүн "Манон Леско", "Английский философ" аттуу романдарын жана ар кандай окуяларды, анекдотторду жарыялаган. Ал эми 1734-жылы Конти канзааданын уруксаты менен Францияга кайткан.
  (263 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: