|
|
p
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
19-декабрь, 1948-жылы 5-чакырылыштагы “Ата Мекен” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Абдырахманов төрөлгөн
5-чакырылыштагы “Ата Мекен” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Абдырахманов Жалал-Абад областында төрөлгөн. Билими жогорку. 1969-1971-жылдары Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1974-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин комсомол комитетинин катчысынын орун басары болуп эмгек жолун баштаган. 1975-1980-жылдары – Кыргыз ССРнин ЦКЛКСМ студенттик отряддарынын штабында иштеген. 1980-1987-жылдары – Аламедин районунун Стрельникова атындагы заводунун парткомунун катчысы. 1987-1989-жылдары – Арашан айылынын Айылдык кеңешинин төрагасы. 1991-1993-жылдары – Чүй областтык кеңешинин бөлүм башчысы. 1994-2008-жылдары – "Азат мебель" компаниясынын президенти болуп эмгектенген. 2006-2007-жылдары "Реформалар үчүн", "Бириккен фронт" коомдук кыймылдарынын координатору жана активдүү катышуучусу, ал эми 2008-2010-жылдары саясый эмигрант катары АКШда жашаган. Кыргызстан демократиялык кыймылынын негиздөөчүлөрүнүн бири. "Депутаттык азилдер" аттуу саясый сатиралардын жыйнагынын автору. 2010-жылдын октябрь айында "Ата Мекен" партиясынын тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеш V чакырылышынын депутаты. Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасынын орун басары.
(77 жыл мурун)
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
| |