p

7-июнь, 1981-жылы Орусиялык теннисчи жана фотомодель Анна Курникова туулган

Дүйнө
Орусиялык теннисчи жана фотомодель Анна Курникова Москвада туулган. Анна Курникова 5 жашка толгондо үй-бүлөсү менен Америкага көчүп, Нико Больеттеринин теннис академиясына кирген. Анна 14 жашында профессионал теннисчиге айланып, Федерациялар кубогунда Орусия курама командасынын намысын коргой баштаган. Анда жеңишке жетишип, “Мелдештин эң жаш катышуучусу жана жеңүүчүсү” аталган. 1999-жылы жана 2000-жылдары Мартина Хингис менен биргеликте Чоң шлем түркүмүндөгү Австралиянын Ачык биринчилигин жуптукта удаасы менен уткан. 2003-жылы алган жаракатынан улам спорттогу чыйырына чекит койгон. Аннанын спортту таштоосу анын көңүл ачуу индустриясында жана жарнамалык бизнес тармагында жолун ачкан. Курникова “People” басылмасы тарабынан 1998, 2000, 2002, 2003-жылдары дүйнөнүн эң сулуу 50 адамынын ичине киргизилген. 2002-жылы “FHM” журналынын окурмандарынын арасында жүргүзүлгөн сурамжылоодо ал эң сексуалдуу 100 айымдан турган тизмени жетектеген. Чоң шлем түркүмүнө кирген Австралиянын Ачык чемпиондугун Мартина Хингис менен жуптукта эки ирет жеңип алган (1999, 2000-жылдары). 6 жылдык профессионалдык карьерасында чоң теннистен 3 миллион 584 миң 662 доллар иштеп тапкан.  (45 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: