p

30-ноябрь, 1835-жылы америкалык жазуучу Марк Твен туулган

Дүйнө
Америкалык жазуучу, журналист жана коомдук ишмер Марк Твен төрөлгөн. Толук аты-жөнү - Сэмюэл Лэнгхорн Клеменс.

18 жашында өз өлкөсү ичинде саякаттап, Нью-Йорктогу китепканаларда Теккерей, Диккенс, Эдгар По, Шекспир, Сервантес өңдүү жазуучулардын чыгармаларын окуп, алган маалыматтарын конспектилейт. 1863-жылы биринчи аңгемесин жаратып, анда өзүнүн атын "Mark TWAIN" (кеме сүзүп өтө алуучу суунун деңгээлин түшүндүргөн термин) деп жазган. Ошондон улам жазуучу эл арасында бул лакап аты менен белгилүү боло баштаган. Ар кандай кесиптеги адамдар менен жолугушуусу М.Твенди мыкты жазуучу катары калыптандырган. Ал юмор, сатира, философиялык фантастикага да көп кайрылган. “Том Сойердин укмуштуу окуялары” деген чыгармасы менен атагы чыккан Марк Твен анда балдардын аруу сезими, окуя-саякаттарга ынтызарлыгы, жашоого кумары жана турмушка дилгирлиги тууралуу баяндаган. Ошондой эле жазуучу америкалык саясатчыларды сатира формасында жазып сындаган.

Жазуучунун мындан тышкары "Гекльберри Финндин окуялары", "Алтын кылым", "Миссисипидеги жашоо", "Канзаада жана кедей" жана "Сырдуу бейтааныш адам" аттуу чыгармалары бар. Алардын көпчүлүгү экрандаштырылган. Жазуучу 1910-жылы 21-апрелде 74 жашында көз жумган.

  (191 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: