p

3-июнь, 1946-жылы Советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер Михаил Калинин каза болгон

Дүйнө
Советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер Михаил Калинин 70 жаш курагында ичеги-карын рагынан Москвада каза болгон.
Михаил Иванович Калинин - советтик жана орусиялык мамлекеттик ишмер, КПССтин мүчөсү, сталинизм доорунда Иосиф Сталиндин оң колунан болгон. 1875-жылы азыркы Калинин областында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Ал айылдык мектепти бүтүргөндөн кийин "Старый арсенал" Путилов заводдорунда токарь болуп иштеген.Ошол жылдардан тартып Михаил Калинин өзүнүн өмүрүн жумушчу табы менен байланыштырып, Петербургда жумушчу кыймылын уюштуруучуларынын бири болгон. Михаил Иванович 1917-жылы Октябрь революциясын уюштурууда Лениндин көрүнүктүү жардамчысы болгон. Октябрь революциясы жеңгенден кийин, партиянын жана Совет өкмөтүнүн көрүнүктүү жетекчиси болуп келген. 1922-жылдан тартып 1946-жылга чейин СССР Жогорку Советинин Президиумунун Председатели болуп иштеген. Михаил Иванович Калинин Совет өкмөтүн чыңдап жаштарга коммунисттик тарбия берүү боюнча көп китептерди жазган. Ал балдардын жакшы окушуна, жаңы мектептердин салынышына, мугалим кадрларынын даярдалышына, китептердин көп чыгарылышына дайыма камкордук кылган. Михаил Иванович Калининди балдар өтө жакшы көрүшкөн. Алар Михаил Ивановичке миңдеген каттарды жазышкан. Көп маселе боюнча кеңеш берүүсүн өтүнүшкөн. Михаил Иванович эмгекчилерге, окуучу балдарга өзүнүн жөнөкөйлүгү, Совет өкмөтүн башкаруудагы туруктуулугу менен айырмаланган. Ал Совет өкмөтүнүн башчысы болуп 27 жыл иштеген. Совет элинин бирдиктүүлүгү жана советтик мамлекеттин чыңдалышы үчүн талыкпай кызмат кылган.
  (80 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: