p

4-июнь, 1975-жылы Америкалык актриса Анжелина Жоли туулган

Дүйнө
Америкалык актриса, режиссёр, сценарист жана фотомодель Анжелина Жоли АКШнын Лос-Анжелес шаарында туулган. Анын атасы 1978-жылы "Үйгө кайтып келүү" аттуу фильминдеги ролу үчүн "Оскар" сыйлыгын алган белгилүү актёр Жон Войт, ал эми апасы Марселина Бертран убагында модель болгон. Анжелинанын 2 жашар кезинде ата-энеси ажырашып кетишкен. Ар кандай ушактардан чочулаган апасы Анжелина менен уулу Жеймсти алып, Нью-Йорк шаарына баш калкалап көчүп кетүүгө аргасыз болушкан.
"Оскар", "Алтын глобус" ж.б. көптөгөн сыйлыктардын ээси Анжелина Жоли алгач 1982-жылы "В поисках выхода" тасмасына тартылып, кийин "Лара Крофт: Расхитительница гробниц", "Лара Крофт: Расхитительница гробниц. Колыбель жизни" тасмалардагы ролдору аркылуу атактуулукка жеткен.
Актриса 2009, 2011, 2013-жылдары "Forbes" журналынын версиясы боюнча эң көп акча төлөнгөн актриса деп табылган.
  (51 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: