p

25-апрель -  Безгек илдетине каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү

Дүйнө
Безгек кадимки малярия оорусу. Жер шаарында жылына 500 миллионго жакын адам безгек оорусу менен ооруйт. Анын ичинен 2 миллионго жакыны көз жумат. Бул оорудан өзгөчө 5 жашка чейинки балдар азап тартат. Оорудан көбүрөөк жапа чеккендерге Африка континентинин Сахара чөлүнүн түштүгүндө жашоочулар, Түштүк-Чыгыш Азиянын (негизинен Индия, Ооганстан), Таиланддын тургундары кирет.
Кыргызстанда безгек өткөн кылымдын баш чендеринде кеңири жайылган оорулардын бири болгон. Эпидемияга каршы иш-чаралар жыйынтыгында бул оору өлкөдө 1950-жылдары толугу менен ооздукталган. 1980-2000-жылдар аралыгында безгектин жайылышы сейрек мүнөздө болгон. Бирок 2002-жылдан тарта Кыргызстан безгек оорусу баш көтөрүп, бирок 2006-жылы кырдаал жөнгө салынган. 
Безгек (малярия) итальяндардын “malaria” – “жаман аба” деген сө­зүнөн алынган. Анткени мурда ооруну жаман аба чакырат деп эсептешкен. Безгек “саз калтыратмасы” деген ат менен да таанымал.
 
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: