p

29-апрель, 2011-жылы Ханзаада Уильям менен Кэтрин Элизабеттин үйлөнүү тою болуп өткөн

Дүйнө
Ханзаада Уильям менен Кэтрин Элизабеттин үйлөнүү тою болуп өткөн. 29 жаштагы ханзаада Уильям Артур Филипп Луис тойдон кийин ханыша чоң энесинин буйругу менен Кембридж герцогу, Стратерн (Шотландия облусу) графы, Каррикфергюс (Түндүк Ирландия району) барону болуп калган. Уильям – Ханзаада Чарльз Уэльский менен анын биринчи жубайы – ханбийке Диананын уулу, Улуу Британиянын ханышасы Елизавета IIнин небереси болгон.
Кэтрин Элизабет турмушка чыккандан кийин Кембридж герцогинясы деп аталган. Бирок ак сөөктүн тукуму болбогондуктан, ханбийке титулу ыйгарылган эмес. 29 жаштагы Кейттин апасы Элизабет стюардесса, ал эми атасы Майкл авиадиспетчер болуп иштеген. 1987-жылы үй-бүлө "Party Pieces" аттуу компания түзүп, анын артынан миллионер болушкан.
  (15 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: