p

1-май, 1912-жылы Философия илимдеринин доктору, профессор Асылбек Алтымышбаев туулган

 
Кыргызстан
Философия илимдеринин доктору (1961), профессор (1962), Кыргыз ССРинин Илимдер Академиясынын академиги (1954) Асылбек Алтымышбаев Ысык-Көл областына караштуу Жети-Өгүз районундагы Шалбаа айылында туулган.
Асылбек Алтымышбаев 1942-жылы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун бүтүргөн.
Ал эми 1948-1949-жылдары Кыргызстан БКнын алдындагы республикалык партия мектебинин философия кафедрасынын башчысы, 1949-1950-жылдары СССР Илимдер академиясынын Кыргыз мамлекетиндеги филиалынын Тил жана тарых институтунун директору, 1950-1952-жылдары ошол филиалдын Президиумунун төрагасына биринчи орун басары, 1952-1954-жылдары Кыргызстан КП БКнын илим жана маданият бөлүмүнө башчы, Кыргыз өлкөсүнүн Илимдер академиясынын вице-президенти, 1954-1966-жылдары философия жана укук институтунун директору, 1966-1975-жылдары улук илимий кызматкери болуп иштеп, 1975-жылы ошол эле институттун директору болгон.
Алтымышбаевдын илимий эмгектери Орто Азия элдеринин социалдык маданиятынын калыптануу, өнүгүү мыйзам ченемдеринин кээ бир теориялык маселелерин, кыргыз элинин коомдук-саясий жана философиялык ой-пикиринин өнүгүү тарыхын изилдөөгө арналган. Анын социалдык маданий проблемалар, коомдук аң-сезимдин тарыхы жөнүндө көп эмгектери бар. Асылбек Алтымышбаев 60тан ашык илимий эмгектин автору болгон.
Асылбек Алтымышбаев "Эмгек Кызыл Туу" ардак белгиси,  "Эл Достугу" ордени менен сыйланган.
  (114 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: