p

15-июнь, 1969-жылы Германиялык футболдук дарбазачы Оливер Кан төрөлгөн

Дүйнө
Футбол боюнча Германия курама командасынын мыкты дарбазачысы, Зепп Майердин окуучусу Оливер Кан Германиянын Карлсруэ шаарында төрөлгөн. 
Оливер Кан 1993-жылы октябрда алгачкы жолу Германия командасынын курамына чакырылган. Бирок, 1994-жылы немис журналисттери аны "Жылдын мыкты дарбазачысы" деп тандагандыгына карабастан, дагы беш жыл бою ал запастагы дарбазачы ролуна канааттанып келген.
Оливердин карьерасындагы чоң өзгөрүү 1994 -жылга туура келген. Бул жылы ал "Карлсруэден" немистердин бардык мезгилдердеги күчтүү командасы - мюнхендик "Баварияга" өткөн. Айта кетчү нерсе, бул акциясы үчүн мюнхендик клуб "Карлсруэнин" банктык эсебине ал мезгилдеги эң чоң суммадагы акчаны - беш миллион марка которгон. Ошол замат Оливер мюнхендик клуб­дун көп жылдардан бери келе жаткан биринчи дарбазачысы Раймонд Ауманнды сүрүп чыгарган.
1995-жылы Оливер көптөн күткөн тилегине жеткен. Ага Швейцария жана Грузия курама командалары менен болгон эки матчта Германия курама командасынын дарбазасын коргоо милдети тагылган. Бирок, 1996-жылдагы Европа чемпиондугунда жана 1998-жылдагы дүйнө биринчилигинде ал кайрадан эле запаста отурууга аргасыз болгон. Курама командадан Анди Кёппке кеткенден кийин гана Оливер Кан №1 дарбазачы болуп калган.
Эң ири ийгиликтерине Оливер мюнхендик "Бавария" клубунун курамында жетишкен. Андан бери төрт жолу 1997, 1999, 2000 жана 2001-жылдары ал Германиянын чемпиону болгон. 1996-жылда болсо Оливер "Бавария" менен бирге УЕФА Кубогун жеңип алган. Ал эми 1996- жылы өлкөнүн Кубогунун ээси болгон. 1999-жылы Оливер Кан дүйнөнүн мыкты дарбазачысы деп табылган.
  (57 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: