|
|
p
4-май, 1979-жылы Улуу Британиянын премьер-министри болуп Маргарет Тэтчер шайланган
Улуу Британиянын тарыхында биринчи жана азырынча жалгыз өкмөт башчы аял Маргарет Тэтчер премьер-министр болуп шайланган. Улуу Британиянын 71-премьер-министри болгон Маргарет Тэтчер бул орунда 1990-жылдын 28-ноябрына чейин отурган.
Ал 1925-жылы 13-октябрда туулуп, 2013-жылы 8-апрелде дүйнөдөн кайткан. Совет бийлигин кескин сынга алып, бир канча консервативдик чараларды ишке ашырганы үчүн аны "темир аял" деп атап коюшкан. Тэтчер 1970-жылы билим берүү жана илим министри болгон. 1975-жылы Улуу Британиядагы негизги оппозициялык партиянын башчылыгына шайланган. Анын партиясы 1979-жылы жеңишке жеткенден кийин Маргарет Тэтчер премьер-министрликке келген. 1987-жылы кайрадан өкмөт башчы болуп шайланат. (47 жыл мурун)Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:
| |