|
|
p
5-май, 1971-жылы Экс-министр Алиясбек Алымкулов төрөлгөн
Алиясбек Алымкулов Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районундагы Кең-Арал айылында туулган. Жогорку билимдүү. 2003-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин, ал эми 2009-жылы Тышкы иштер министрлигинин Дипломатия академиясын бүтүргөн.
1989-1991-жылдары советтик армияда аскердик кызмат өтөгөн; 1992-1997-жылдары Орусияда жеке ишкердик менен алектенген; 2004-2007-жылдары "Буудай" мамлекеттик ишканасында бөлүм башчынын орун басары; 2007-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын “Трубалык металлургия компаниясы” ЖАКда расмий өкүл; 2008-2010-жылдары "Эл Газ КДЖ" ЖЧКда директорлор кеңешинин жетекчиси; 2010-жылдын 19-майынан 14-июлуна чейин Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министринин милдетин аткаруучу; 2010-жылдын 14-июлунан 2011-жылдын 30-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министри; 2011-жылдын 30-декабрынан 2012-жылдын 20-февралына чейин Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министри; 2012-жылдын 20-февралынан 2014-жылдын декабрь айына чейин Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министри болгон. Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:
| |