Кара-Суу районунда "жарандарды Сириядагы согушка барууга үгүттөдү" деп шектелип мечиттин имамы кармалды
Ош облусунун Кара-Суу районунда мечиттин имамы кармалып, 48 саатка камакка алынды. ИИМден билдиришкендей, имам жарандарды халифат курууга үндөп, Сириядагы согушка аттанууга чакырык таратканы үчүн айыпталууда. Ал уюлдук телефон жана интернет аркылуу үгүт иштерин жүргүзгөн. Кылмышка шектүүнүн үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, экстремисттик маанайдагы китептер жана башка буюмдар табылган. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатканы кабарланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Курамы окшош сайттарды жарнама кылууга тыюу салынат.