super.kg logo

Лейлекте 50 килограмм маңзат менен Райондук ички иштер башкармалыгынын иликтөө иштеринин жетекчиси жана анын тууганы кармалды

 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Мамлекеттик баңгизатты көзөмөлдөө кызматы тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында 50 килограмм маңзат менен Ички иштер министрлигинин кызматкерлери кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда SUPER.KG порталына УКМКнын басма сөз кызматынын жетекчиси Рахат Сулайманов билдирди. 

"Маңзатты Тажикстан, Орусияга жөнөтүү менен алектенип келген Лейлек райондук ички иштер башкармалыгынын иликтөө иштеринин жетекчиси жана анын тууганы кармалды. Бул баңгизат ташуу каналын жабуу боюнча иликтөө иштери 2014-жылдын ноябрь айынан бери жүрүп келген. Өткөн жылдын 15-ноябрында баңгизат ташуу менен алектенген ушул топтун 2 мүчөсү кармалган. Алар Баңгизатты көзөмөлдөө кызматынын Э.Т., Х.М. аттуу кызматкерлери болушкан жана №1-тергөө абагына камакка алынышкан. 6-февраль күнү ушул эле топтун дагы 2 мүчөсү кармалды. Алардын бири Лейлек райондук ички иштер башкармалыгынын иликтөө иштеринин жетекчиси, милициянын майору Б.А. аттуу жаран. Ошондой эле бул кылмышка шектүү катары анын тууганы, Лейлек районунун "Максат" чек ара күзөтүнүн жетекчиси Б.К. кармалды. Учурда аларга кылмыш иши козголуп, камакка алынышты. Мыйзамсыз жүгүртүүдө жүргөн 50 килограмм баңгизат алынды",- деди Р.Сулайманов.  

Маалыматка ылайык, бул факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренесинин 3-бөлүгү (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын окшошторун же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ага тете эле мыйзамсыз өндүрүү же берүү) боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө улантылууда. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
10.02.2015. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Лейлек райондук "милиция кызматына" начальник болуп баруу бул Кыргызстан боюнча ставкасы эн жогору болуп эсептелкт экен. Себеби "коридор" го дейм...
10.02.2015. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bundai jetekchiler kop bolso kyrgyzstanda
10.02.2015. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кытайда же Кореяда пара алгандарды,коррупционерлерди атып салышат.А бизде баары тескерисинче.Майда уурулар камакта, оор кылмышкерлер эркин эле эл аралап журушот.Дагы да бийиликтин алсыздыгынан, коп нерсеге коз жумуп коебуз.
10.02.2015. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мына сага бир мушок манзат дейби? шамал болбосо чоптун башы кыймылдабайт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: