Өткөн суткада өлкө аймагында эки жер титирөө катталды
Өткөн суткада Кыргызстандын аймагында эки жер титирөө катталды. Бул тууралуу 10-февралда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына караганда, 9-февралда саат 19:36да жер титирөө Ак-Булак айылынан чыгыш тарапка 5 чакырым, Эски-Ноокат айылынан түштүк чыгышка карай 10 чакырым жана Жаңы-Ноокат айылынан түштүк-чыгышка карай 15 чакырым аралыкта орун алган. Жер титирөөнүн күчү 2,5-3 баллга жеткен.
Экинчи жер титирөө 10-февралда саат 01:35те болгон. Зилзаланын очогу Күнгөй Ала-Тоонун түндүк жагы, Чолпон-Атадан түндүк-батышка 30 чакырым алыстыкта болду. Күчү 2 баллга жеткен жер титирөөдө кыйроолор жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.