"Ахматбек Келдибеков Кыргызстанга кайтып келди" деген маалыматты жардамчысы четке какты
"Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибеков Кыргызстанга кайтып келди" деген маалымат жалган. Муну депутаттын жардамчысы 10-февралда SUPER.KG`ге билдирди. "Депутат өлкөгө кайтып келген жок, келсе мен билмекмин да. Анын качан келери азырынча белгисиз",- дейт жардамчысы. Айта кетсек, айрым булактарда А.Келдибековдун Кыргызстанга кайтып келгени айтылууда.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

