Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда аскердик багыттагы жаңы макулдашуулар түзүлдү









Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы менен Түркиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын ортосунда бир нече макулдашууга кол коюлду. Документке аталган органдардын башчылары Асанбек Алымкожоев жана Неждет Озел кол коюшканын 10-февралда КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынан билдиришти.
"Түркия тараптан жыл сайын көргөзүлүп туруучу каржылык жардамдарды 2 эсеге көбөйтүү, аталган өлкөнүн аскердик окуу жайларында билим алуучу курсанттардын, угуучулардын квоталарын көбөйтүү, чек ара тозотторун куруу жана башка коргоо багытындагы чечүүчү маанидеги бир топ маселелер каралды",- деп билдирет мекеме.
Эскерте кетсек, Кыргызстандын аскердик делегациясы 2-7-февраль күндөрү Түркияда иш сапары менен болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

