super.kg logo
  Саясат  

Муфтияттын өкүлү: "Чубак ажы Жалиловдун жаназа окушуна уруксат берилбей жатат" деген сөз жалган"

 
"Белгилүү дин аалымы Чубак ажы Жалиловдун жаназа окушуна уруксат берилбей жатат" деген сөздөр жалган. Муну парламенттин Социалдык саясат комитетинин 10-февралдагы жыйынында муфтияттын өкүлү Замир Ракыев билдирди. Жыйында айрым депутаттар Чубак ажыга кысым көрсөтүлүп жатканы боюнча сурашкан эле. Ракыев буларды айтты: "Элге таанымал адамдардын артынан ушак ээрчий берет экен. "Чубак ажынын жаназа окушуна тыюу салынып жатат" деген сөздөр да ушак. Ал чоң-чоң мечиттерде сабак өтүүнү улантып жатат". 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: