super.kg logo
  Саясат  

Сайдулла Нышанов өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев менен "Ата Мекендин" позициясы дайыма дал келиши шарт эмес экенин айтты

 
Парламенттин Социалдык саясат комитети 10-февралдагы жыйынында муфтиятты 2011-2012-жылдардагы 12 миллион сомдук социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүнөн бошотуу маселесин кароодо. Жыйында депутат Ыргал Кадыралиева сунушталган мыйзам долбооруна өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев каршы экенин айтып: "Оторбаев "Ата Мекендин" квотасы боюнча премьер-министр болгон. Бирок ал партиянын чечими менен макул эмес экенин билдирди, муну өз ара чечишип алышыңар керек эле",- деп билдирди. 
Депутат Сайдулла Нышанов жооп катары: "Оторбаев өкмөт башчы болгондо "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү эмес болчу. Аны партияга байлай берүү туура эмес, айрым маселелерде мындай эки башка көз караш КСДПнын ичинде да болуп турат",- деди.   





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: