Борбордо "бычак менен коркутуп, унаасын айдап кеткен" деп шектелген жаран кармалды

Борбор калаада "бычак менен коркутуп, унаасын айдап кеткен" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 9-февралда милицияга шаардын тургунунан арыз келип түшкөн. Анда ал белгисиз жаран аны бычак менен коркутуп, Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаасын айдап кеткенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 29 жаштагы С.Б. аттуу шаардын тургуну кармалды. Учурда бул иш боюнча иликтөө улантылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Күнөөсү далилденип, соттун өкүмү чыккыча "кылмышкер" деп атоого болбойт. Андай адамдарды "кылмышка шектүү" деп толук аты-жөнүн атоого тыюу салынат. Ал эми кээ бир кылмышка шектүүлөрдүн аты-жөнү укук коргоо органдарынын уруксаты менен аталат.