super.kg logo
  Саясат  

Өкмөттүн 2015-жылы жасалчу иш-чараларынын планы жакында бекитилери айтылды

 

Өкмөттө 9-февралда өкмөттүн 2015-жылга Бирдиктүү иш-чаралар планынын долбоору талкууланды. Өкмөт тарабынан төмөнкүдөй пландар иштелип чыкканы айтылды:

- Кыргызстандын өкмөтүнүн 2015-жылга иш-чаралар планы. Мында Кыргызстандын 2013-2017-жылдар аралыгында туруктуу өнүгүүгө өтүү жана Кыргызстандын 2013-2017-жылдарга карата Улуттук туруктуу өнүгүү стратегиясынын программасын ишке ашыруу боюнча чаралар камтылган;

- Кыргызстандын президентинин “2015-жылды Улуттук экономиканы чыңдоо жылы катары жарыялоо жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу боюнча Кыргызстандын өкмөтүнүн иш-чаралар планы.

Аталган пландарды талкуулоодо аларды өкмөттүн 2015-жылга Бирдиктүү планы катары бириктирүү сунушталды. “Өкмөттүн 2015-жылга иш-чаралар планынын долбоору жакынкы арадагы өкмөттүн жыйынында каралат. Убакыттын тардыгына байланыштуу бардык уюштуруу иштери 3 күндө жыйынтыкталышы керек, ал эми өкмөттүн 2015-жылга Бирдиктүү иш-чаралар планынын долбоору кыска мөөнөттө бекитүүгө сунушталышы зарыл",- деп билдирди жыйынга төрагалык кылган вице-премьер-министр Валерий Диль.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: