super.kg logo
  Саясат  

Бишкектен "Манас" аэропортуна барчу жолду оңдоого 75 миллион доллар жумшалат

 
Бишкек - "Манас" аэропорту трассасын оңдоого 75 миллион доллар жумшоо пландалууда. Маалымат 10-февралда аталган маселеге байланыштуу вице-премьер-министр Валерий Диль өткөргөн жыйында айтылды. Учурда транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов баштаган делегация Кытайда иш сапары менен жүргөнү, андагы жолугушууларда аэропорттун жолун оңдоону каржылоо тууралуу сөз жүрүп жатканы кошумчаланды. "Бишкек - "Манас" аэропорту унаа жолун оңдоонун деталдуу планы быйыл март айынын аягына чейин бүтүшү керек",- дейт Диль. Ошондой эле долбоорду ишке ашырууну тездетүү боюнча тийиштүү министрликтерге тапшырма берди.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: