Депутаттар 7-апрель окуясына катышкан жаштардын жумушка орношконуна же орношпогонуна кызыгышты
Бүгүн, 10-февралда парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутаттар 2010-жылкы 7-апрель окуясынын катышуучуларынын жумушка орношкон-орношпогонуна кызыгышты.
Автор: Нургазы Аматов
Депутат Ыргал Кадыралиеванын айтымында, аталган окуяга катышкан жаштарды колдоо максатында аларды КРнын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында окутуу чечими чыккан. "Алар тиешелүү комиссиядан өтүп, сынак аркылуу тандалышкан. Аларды жумушка орноштурууга убада берилген болчу. Менин билишимче, эч кимиси жумушка орношо элек",- деди депутат.
Өкмөт өкүлү бул маселе боюнча тактоо иштерин жүргүзүп, кийинчерээк жооп берерин айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
-1

